Токтогул суу сактагычында 13,4 млрд. куб метр суу бар

Суусу тартылган Токтогул суу сактагычы. Июнь, 2020-жыл.

«Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын 7-декабрга карата берген маалыматы боюнча, бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд. 489 млн. куб метрди түздү. Бул мурунку жылдагыдан дээрлик 3 млрд. куб метрге аз.

«Электр станциялары» ишканасы өлкөнүн башкы суу чөйчөгүнө топтолгон суунун көлөмү бир калыпта кармалып турганын билдирүүдө.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасы Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында Кыргызстан 5-ноябрдан тартып Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып ала баштай турганын кабарлаган.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд. куб метрден ашуун суу батат. Суу сактагычка толгон суунун көлөмү 2010-2011-жылдары 19 млрд. куб метрден ашкан. Ал эми 2007-08-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, бийлик элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизген. (ZKo)

Дагы караңыз

Ошто патрулдук милиция ишке кирдиКамакка алууга карабастан, беларус оппозициясы нааразылык жыйындарын улантууда COVID-19: Протоколго баш ийбеген дарылооКоронавирус дагы эки кишинин өлүмүнө себеп болуп, 293 адамдан аныкталдыЭмгек сиңирген машыктыруучу Адылхан Бекболотов дүйнө салдыФерганада Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын башчыларынын жыйыны өтөтКара-Балта: Мэр шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын талапкери уттуАрмян оппозициясы Пашинянга мөөнөт бердиТалант Мамытов Орусияда Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушат