Ошто патрулдук милиция ишке кирди

Патрулдук милиция нөөмөткө чыгар алдында. Бишкек шаары, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 7-декабрдан тартып, ИИМдин кайгуул кызматынын жана Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлеринен турган патрулдук милиция ишин баштады. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз катчысы Тилек Оторовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, учурда шаарда 11 көчмө топ жана 30 жөө кайгуул кызматкери эки мөөнөттө иштеп жатышат.

«Кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугу менен катар эле коомдук коопсуздукка да көзөмөл кылышат. Бир көчмө топто экиден кызматкер камтылган. Күнү-түнү иш алып барышат», - деди ал.

Ош шаарына жол кайгуул кызматын киргизүү ИИМди, анын ичинде ЖКККБны реформалоо долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Бул үчүн быйыл август-сентябрь айларында 130 талапкер атайын сынактан өтүп, ИИМдин окуу борборунда кесиптик даярдыктан өтүшкөн.

Патрулдук милиция 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаа - Бишкекте киргизилген.

Кыргызстанда буга чейин Патрулдук милиция түзүлүп, бирок кайра жоюлган. 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Жол кайгуул жана МАИ кызматын бириктирип, Патрулдук милиция түзүү тууралуу чечим кабыл алган. (ZKo)

Дагы караңыз

Камакка алууга карабастан, беларус оппозициясы нааразылык жыйындарын улантууда Зилалиевдин адвокаты башкы прокурорго кайрылдыCOVID-19: Протоколго баш ийбеген дарылооКоронавирус дагы эки кишинин өлүмүнө себеп болуп, 293 адамдан аныкталдыКыргызстанда COVID-19 жуккан дарыгерлер төрт миңге жакындадыЭмгек сиңирген машыктыруучу Адылхан Бекболотов дүйнө салдыРумыния: Бийликтеги либералдар менен социалист каршылаштары шайлоодо куйрук улаш келиштиФерганада Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын башчыларынын жыйыны өтөтРеконструкцияланган «Исфана» аэропортунун ачылышы болот