Коронавирус дагы эки кишинин өлүмүнө себеп болуп, 293 адамдан аныкталды

Күндүзгү стационарлардын биринде дарыгер бейтапты кабыл алып жатат. 2020-жылдын 16-июлу.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 7-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду. Алардын бирөө Бишкек шаарынан, дагы бири Чүй облусунда. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 297 кишиге жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 293 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 121 киши жана Чүй облусунда - 63, Жалал-Абад облусунда - 30, Ысык-Көлдө - 46 бейтап.

Оору жуккандардын жалпы саны 75 395 адамга жетти.

Бир күндө 407 бейтап сакайып чыгып, оорудан айыккандардын саны 67 400 киши болду. Ушул күндөрү ооруканада 2 520 адам жатат. Алардын ичинен 32 бейтаптын абалы канаттандырарлык, 1 751 кишиники орто оор, 626 адамдын абалы оор деп бааланууда. Штаб 111 бейтаптын абалы өтө оор экенин кабарлады. Дагы 3 355 киши үйдөн дарыланууда.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып жүрүшөт.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Августта өлүм учурлары катталбай калган. Сентябрдан тартып каза болгондор кайра катталып жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Вируска каршы таратылган кытай дарысынын чуусу Ош: Китепкананы жериген депутат Орусияга кайткысы келген мигранттардын убарасыКонституциялык палата парламентке жан тартты