COVID-19: Протоколго баш ийбеген дарылоо

Иллюстрациялык сүрөт, 22-июль, 2020-жыл.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коронавируска чалдыккандарга протоколго кирбеген дары-дармектер берилип, бул бейтаптарды өлүмгө жеткиргенин айтып чыкты.

Окуя катталган Жалал-Абаддагы менчик оорукана боюнча иш прокуратурага өткөрүлүп берилген. Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча расмий протокол март айынан бери төрт жолу өзгөргөн. Ушул тапта коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протокол даярдалып жатат.

Ал арада Кыргызстандын бийлиги COVID-19 илдетине байланыштуу чет өлкөлүктөрдүн аба майдандары аркылуу өлкөгө учуп келишине карата киргизилген тыюуну алып салды.

Башаламан дарылоо

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева протоколго кирбеген дарылоодон Жалал-Абадда сегиз бейтап өлгөнү республикалык штабдын жыйыны учурунда маалым болгонун айтты. Сурабалдиева коронавируска чалдыккандарга протоколго кирбеген дары-дармектерди берүү бейтаптарды өлүмгө жеткирип жатканын белгиледи:

«Жалал-Абаддагы менчик ооруканадан тогуз бейтап мамлекеттик аймактык ооруканага которулду, алардын сегизи көз жумду. Прокуратурага иликтөө тапшырмасы берилди. Окуя жакында эле катталган. Негизи эле жеке менчик жайлар көзөмөлдөн тыш болуп келиптир. Алар акча табуу максатында бейтаптарды ала беришкен. Бирок, протоколдо жазылган дарылоо эрежелерине баш ийишкен эмес».

Элвира Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр буга чейин 2-декабрда Кыргызстанда коронавирус күчөп турган жай мезгилинде Кытайдан келген күмөндүү дарылар таратылганын айткан. Өкмөт өкүлү препараттар сыноодон өтпөгөнүн белгилеп, ага жооптууларды айыптаган.

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча расмий протокол март айынан бери төрт жолу өзгөргөн. Ушул тапта коронавирусту дарылоо боюнча бешинчи протокол даярдалып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронбаев дарыгерлер кабыл алынган бир протоколдун негизинде иш алып барышы керек дейт:

«Биз ушул тапта жер-жерлерди кыдырып, дарыгерлер менен жолугуп келдик. Алардын баары кабыл алынган протоколдун негизинде иштеши керек. Биздин протокол эл аралык тажрыйбаны да эске алып түзүлгөн. Буга чейин протоколдон тыш иштеген дарыгерлер тууралуу кабарым жок. Андай боло турган болсо жоопкерчилик каралышы керек».

Дагы караңыз Вируска каршы таратылган кытай дарысынын чуусу


Сентябрь айынан бери колдонулуп жаткан төртүнчү протоколдо пневмониянын коду U07.2. катары бекитилип, ооруканада жана үйдө дарылоо деп экиге бөлүнгөн. Бул протоколдо 80 дары-дармек жана беш иштөө алгоритми жазылган.

1. Коронавирус жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды дарылоо боюнча;

2. Балдарды дарылоо боюнча;

3. Кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн алгоритм;

4. Амбулатордук дарылоо боюнча;

5. Кайра калыбына келтирүү (реабилитация) программасы».

Коронавирус менен күрөштө колдонулуп келген протоколдор буга чейин коомчулуктун талкуусунда болгон учурлар бар.

Коронавирустун биринчи толкунунда жакындарын жоготкондор июль-август айларындагы өлүм-житимге себеп болгон кемчиликтер жоюла электигин айтып келишет. Алардын бири - Айболот Айдосов.

«Биз бир нече жолу иликтөө жүрүшү керектигин айтканбыз. Протоколдордун кайра-кайра өзгөргөнү өзү эле кемчиликтер болгонун көрсөтүп жатпайбы. Эгер кандуу июль айы үчүн эч ким жооп бербесе, андай нерсе кайра кайталанып калышы да мүмкүн».

Кыргызстанда 7-декабрга карата дагы 293 адамдан коронавирус илдети аныкталып, дагы эки киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Илдеттен каза болгондор 28-сентябрдан тартып кайра каттала баштаган.

Дагы караңыз Британия вируска каршы вакцинаны биринчи алат


Москвадагы шаардык терапевттер биримдиги түзгөн эл аралык коронавирусту изилдөө тобунун мүчөсү Амир Талипов коронавирус менен күрөштө ар бир дарыгердин, оорукананын иштеп чыккан тактикасы маанилүү дейт:

«Мен жалпы баары илдет менен күрөшкөндү үйрөндү деп айта албайм. Бирок, өзгөрүүлөр бар. Айрым дарыгерлердин тактикасы, түшүнүгү бир топ өзгөргөнүн байкаса болот».

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 75 266 кишиге жукту, алардын 1297си каза болуп, 67 400ү айыкты.

Ал арада Кыргызстандын бийлиги COVID-19 илдетине байланыштуу киргизилген чет өлкөлүктөрдүн аба майдандары аркылуу өлкөгө учуп келишине карата тыюуну алып салды. Өкмөттүн 4-декабрдагы чечими тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 5-декабрда "Фейсбук" барагы аркылуу билдирүү таркатты.

Билдирүүдө эми чет өлкөлүк коноктор "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аба майдандары аркылуу Кыргызстанга учуп келе алышат деп айтылат.

Дагы караңыз Толбой калган учактын тополоңу


Чет элдик коноктор акыркы 72 саат ичинде коронавируска карата полимераздык чынжырдык реакция (ПЧР) тестинин натыйжасы тууралуу маалымдаманы тапшырса жетиштүү. Эгерде алыскы жолдон келе жаткан жүргүнчүнүн мындай маалымдамасынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, анда чет элдик конок аба майданынын өзүндө эле ПЧР-тестин тапшыра алат.

Кыргызстан 2020-жылдын жазынан тартып чек араны жаап, анан соң коронавирус азыраак жайылган өлкөлөрдөн гана саналуу конокторду киргизе баштаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги келээрки жылы өтө турган шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн келе турган чет өлкөлүк байкоочуларга өлкөгө кирүүгө уруксат бериле тургандыгын белгиледи.

Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген, ал эми кезектеги парламенттик шайлоонун мөөнөтү азырынча белгисиз.