«Умтулуу» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

«Умтулуу» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү жана уюштуруучулары.

«Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү журналисттер арасындагы кезектеги «Умтулуу» сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныктап, 5-декабрда сыйлыктар тапшырылды. Бул жылы сыйлыктардын көбүн «Kloop» басылмасынын кабарчылары алышты.

Журналисттердин жана чыгармачыл топтордун эмгектери алты багытта аныкталды:

  • «Бийлик жана коом»;
  • «Тынчтык жана ынтымак»;
  • «Балдарды коргоо»;
  • «Маданият жана агартуу»;
  • «Көмөктөшүү мезгили»;
  • «Аракетчил инсан».

Ошондой эле «Темага берилгендиги үчүн кесиптештердин тандоосу» номинациясы да болду - ага Адил Турдукулов татыктуу деп табылды.

Аймактык журналистиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Таиржан Турсуналиевдин элеси» сыйлыгы да уюштурулуп, ага Баткендеги «Салам Медианы» жетектеп, кесипкөй журналистика тармагына алып киргени үчүн маркум Улукбүбү Амирова татыктуу деп табылды.

Негизги багыттар боюнча жеңүүчүлөр:​

  • «Бийлик жана коом» - Айбек Бийбосунов (НТС каналында иштеген кезиндеги эмгеги үчүн сыйланды. Айбек 2020-жылдын жай айларынан бери »Азаттык» радиосунда эмгектенет)
  • «Тынчтык жана ынтымак» - Бермет Уланова.
  • «Балдарды коргоо» - Айзада Каратаева.
  • «Маданият жана агартуу» - Айдай Эркибаева, Азиз Раимбердиев, Анастасия Валиева, Алтынай Мамбетова, Татьяна Зеленская, Бегаим Аджиева.
  • «Көмөктөшүү мезгили» - Гладис Темирчиева.
  • «Аракетчил инсан» - Бекжан Асылбеков, Александра Титова жана Тилек Бейшеналы уулу.

"Умтулуу" сыйлыгын тапшыруу аземи:

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу өткөн 18 айда Кыргызстанда болгон эң маанилүү окуя катары Матраимовдорго байланыштуу журналисттик иликтөөнү атады. Мындай пикирин 5-декабрда «Интерньюс» уюмунун журналисттерге «Умтулуу» сыйлыгын ыйгарган аземинде айтты.

«Өткөн сыйлык тапшыруу аземинен бери акыркы 18 айда кайсы окуя Кыргызстандагы жаңылыктардын эң маанилүүсү болду? Шайлоо? Коронавирус? Революция? Жок.

Акыркы 18 айдагы эң маанилүү окуя – «Раим миллиондун» кылмыштуу империясы жөнүндө журналисттик иликтөө. Бирок ал эмне үчүн ушунчалык маанилүү?

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу "Азаттык" радиосунун кеңсесинде.

Уюшкан кылмыштуулук Кыргызстанда Совет мезгилинен бери эле болуп келген жана өнүккөн. Бирок ал өткөн жылга чейин ар дайым көмүскөдө жашап келген. «Азаттык», KLOOP, OCCRP, «Factcheck.kg» жана ондогон социалдык медиа журналисттеринин тайманбас журналистикасы уюшкан кылмыштуулук жөнүндө коомдук талкууну баштады. Бул өкмөттү жооп берүүгө аргасыз кылды.

Бул кылмыштуу үй-бүлөнүн ач көздүгүнөн, күчүнөн жана кол тийбестигинен кыргыз коомчулугу жийиркенди. Алар бул кылмышкерлер кыргыз коомчулугундагы коррупцияны кантип күчөткөнүн көрүштү. Мурунку УКМК жана парламенттик комиссия иликтеп, бирок эч нерсе тапкан эмес», - деди элчи.

Ошондой эле Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу окуяларды сындады. Октябрь окуяларынан кийинки Убактылуу өкмөт Раимбек Матраимовду кармаганына, андан казынага 2 миллиард сом өндүрүү убадасын алып үй камагына чыгарганына токтолду. Башталышы жакшы экенин, бирок бул жетишсиз экендигин кошумчалады.

«Бул Голливуддун мафия тууралуу киносуна окшоп кетти. Бирок сиз кино тасманын кандайча бүтөөрүн азырынча билбейсиз, - деди элчи. - Кинонун кандайча бүтөөрүн айтып берейин. Өкмөт кылмышкерлерди жоопко тартат. Бул аларды жазалайт. Бул алардын кылмыштуу уюмдарынын кыргыз элинин ырыскысын уурдоодон коргойт. Бул кылмышкерлердин сиздин балдарыңызды баңгизат менен ууландыруусуна жол бербейт. Бирок бул нерселер кайраттуу адамдар каршы чыкканда гана жасалат».

АКШ элчиси журналисттерге, жарандык активисттерге, лидерлерге ийгилик каалап, бул аракеттер АКШнын колдоосуна татыктуу экенин белгиледи.

Аягы көрүнбөгөн териштирүү

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөр 2019-2020-жылдары жарыяланды. Матраимов жана анын жакындары муну куру доомат экенин айтып келишүүдө.

Парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашуудан соң атайын кызмат Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Матраимов иши: Эркиндиктин баасы эки миллиард сомбу?


Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.
Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек.

Финансы министрлиги 1-декабрда «Азаттыкка» маалымдагандай, бул аралыкта Райымбек Матраимов мамлекетке жалпысынан 647 миллион сом төктү. Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болгонун 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде билдирген.

Сынак «Интерньюстун» «Медиа-К» долбоорунун алкагында FHI360 өнөктөштүгү менен АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттигинин (USAID) колдоосунда жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Ага эл аралык медиаларда иштеген журналисттерден тышкары бардык кабарчылар катыша алат.