Айсулуу Тыныбекова United World Wrestling виртуалдык турниринде жеңди

Айсулуу Тыныбекова.

Кыргызстандык спортчу, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) виртуалдык турниринде жеңди.

UWW Instagram баракчасында кыз-келиндер күрөшүнүн атактуу өкүлдөрүнүн мыктыларын тандаган онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы 4-декабрда чыгарылды.

Виртуалдык турнирдин ар багытында сегизден катышуучу болду. Аларга 292 896 адам добуш берди. Финалда Айсулуу Тыныбекова индиялык белгилүү спортчу, 2016-жылкы олимпиаданын катышуучусу Винеш Пхогат менен бет келди. Тыныбекова добуштардын 58% алып, атаандашын утту.

Айсулуу "Фейсбукта" колдоочуларына ыраазычылык билдирип, ынтымактуу элдин ичинде болгонуна шүгүр кыларын жазды.

Айсулуу Тыныбекова - Кыргызстандагы атактуу спортчулардын бири. 2019-жылы Нур-Султанда кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган. Бул жеңиш кыргызстандык күрөшчүлөр арасында жогорку даражалуу алгачкы утуш болуп тарыхка кирген. UWW рейтингинде Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы балбандардын сап башына чыккан.

Дагы караңыз

Айсулуу - алтын тагынган алгачкы балбанТарыхты өзгөрткөн АйсулууИзабеков: Айсулуу алган алтын - он жылдык эмгектин үзүрүЧынар (даректүү тасма)