ИИМ: Кыргызстан кара куурайга көзөмөлдү азайтууга каршы

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан кара куурай жана кара куурайдын чыйыры өзгөчө кооптуу баңги заттардын тизмесинен чыгарылышына каршы. Бул тууралуу 4-декабрда өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңгизаттар боюнча комиссиясынын 2-декабрдагы чечимине каршы добуш берген 25 өлкөнүн бири.

Мындай чечимин ИИМ Кыргызстандын аймагында кара куурай 10 миң гектардан ашуун жерде өсөрү жана ага каршы чараларды жумшартуу өлкөдөгү наркологиялык кырдаалга тескери таасир тийгизиши ыктымалдыгы менен түшүндүрдү.

Кыргызстан БУУнун комиссиясынын чечиминин кесепетин азайтуу максатында мындан ары ошол эле Бирдиктүү конвенциянын көзөмөл боюнча андан да катаал чараларын жетекчиликке алып иштерин билдирди.

1961-жылы БУУ кара куурайды көзөмөлдөө боюнча өтө катаал чаралардын тизмесин бекиткен Бирдиктүү конвенцияны кабыл алган.

2019-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кара куурайды ал тизмеден чыгарууну суранып БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясына кайрылган.

Быйыл 2-декабрда БУУнун комиссиясында добуш берүү жүрүп, 27 мүчөсү макулдугун берсе, 25и каршы чыгып, чечим кабыл алынган. (RK)