2020-жыл эң ысык жылдардын бири болду

Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жыл аба ырайына байкоо жүргүзүлүп келгенден бери тарыхтагы экинчи ысык жыл болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк метеорологиялык уюм бейшембиде билдирди. Глобалдык жылуулук жагынан 2016-жылы рекорд байкалган.

Ал эми быйылкы 12 ай пандемия менен гана эмес, абанын адаттан тыш жогорку температурасы менен да эсте калмакчы.

Аба ырайынын ысышы Австралиядагы, Сибирдеги жана Калифорниядагы токойлордун өрттөнүшүнө, кургакчылыкка жана катуу урагандарга алып келди.

Океандардагы суунун орточо температурасы нормадан ашты.

Дүйнөлүк уюмдун айтымында, мунун баары Жер шарынын ысып баратышын далилдейт. Маалыматка караганда, атмосферадагы уулуу газдардын концентрациясы алдынкы жылдын рекордун жаңыртып, жаңы максимумга чыкты. COVID-19га байланышкан карантин да абанын тазарышына салым кошпоптур.