Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары соттолгондорду алмашат

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 2-декабрдагы отурумунда соттолгон жарандарды алмашуу тууралуу Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосунда түзүлгөн келишимди ратификациялады. Парламент депутаттары ратификация тууралуу мыйзамды 3-окууда карап, макулдугун берди.

Келишим 2019-жылы 12-декабрда ошол мезгилдеги президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарындагы расмий сапарында түзүлгөн.

Сапардын алкагында Абу-Даби шаарында түзүлүп, кол коюлган. Келишимге ылайык, Бириккен Араб Эмираттарында соттолгон кыргызстандык жарандар жаза мөөнөтүн мекенинде өтөп жатышат.

Соттолгон жарандарды алмашуу тууралуу Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда түзүлгөн келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы отурумда каралган.

Бириккен Араб Эмираттарында канча кыргызстандык жаран соттолгону тууралуу так маалыматтар жок. (ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте милиция имамдарды шайлоодо үгүт иштерине аралашпоого чакырдыПрезиденттикке талапкерлердин алгачкысы топтогон кол тамгаларын БШКга тапшырдыКыргызстан Кытайдан карыз төлөө мөөнөтүн узартууну кайра өтүндүСурабалдиева жайында бейтаптарга шектүү дарылар таратылганын айттыКонституциялык палата өз чечимине түшүндүрмө бердиЖээнбеков ачкан паркка байланыштуу иш козголду