Орусия аннексиялап алган Крымдын прокуратурасы крым татарларынын ATR телеканалынын кожоюну жана жарым аралдын мурдагы вице-премьери Ленур Ислямовду 19 жылга кесүүнү суранды.
Ага мыйзамсыз куралдуу топ түзгөн, экстремизмге чакырган, Украинанын түштүгүндөгү электр линиясын бузууну уюштурган деген айып коюлган.
Ленур Ислямов өзүнө коюлган айыптар саясий негизде экенин, Крымдын аннексияланышын тааныбаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет. Анын адвокаттары телеканалдын кожоюнуна карата коюлган айыптар далилденбегенин билдирүүдө.
Ленур Ислямов Крым жарым аралы аннексияланган соң эки айдай вице-премьер болуп иштеген. Ал бул кызматка Крым-татар межлисинин квотасы аркылуу келген. Кийин бул уюм Орусияда тыюу салынган.
Ислямов 2014-жылы Украинага кетип, бул өлкөнүн жарандыгын алган. Аны Орусияда сыртынан соттоп жатышат.
Дагы караңыз
Конституциялык палата өз чечимине түшүндүрмө бердиРеферендум демилгеси: коомдогу кош пикирӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиЖээнбеков ачкан паркка байланыштуу иш козголдуМайя Санду Днестр боюндагы чатактын күч менен чечилишине каршы