Путин: Кыргызстанда кырдаал турукташканы кубандырат

ЖККУнун онлайн саммити. 2-декабрь, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2-декабрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) саммитинде Кыргызстандагы кырдаал турукташканына канааттануусун билдирди. Ал онлайн форматта өткөн жыйында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылып, «өлкөнүн туруктуулугу үчүн биргелешкен интеграциялык уюмдардагы позициясы маанилүү» деп белгиледи:

«Биз Кыргызстандын ички саясий турмушуна тынчсыздануу менен көз салып турдук десем жалпылап айткан болом. Өлкөдө кырдаал турукташып жатканы канааттандырат. Бизге ошондой эле сиздердин эл аралык келишимдердеги милдеттенмелерди аткарышыңар да маанилүү. Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында да, ЖККУнун алкагында да позициясын өзгөртпөгөнү кубантат. Бул Кыргызстандын өзүнүн туруктуулугу үчүн да орчундуу».

Владимир Путин Орусия Кыргызстандын экономикасын, социалдык тармагын колдоого аларын билдирип, биргелешип аракеттенүү уланарын кошумчалады. Орус президенти бул үчүн өлкөнүн ички тынчтыгы зарыл экенин айтты. Ошондой эле президенттик жана парламенттик шайлоолор Конституциянын, шайлоо мыйзамдарынын чегинде, жогорку деңгээлде өтөрүнө кызыкчылыгы бар экенин айтып, ийгилик каалады.

Ага чейин сөз сүйлөгөн Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов бийлик 10-январга белгиленген президенттик шайлоону таза жана атаандаштык негизде өткөрүш үчүн бардык аракетин жумшай турганын айтып, шайлоо өлкөдөгү абалдын андан аркы тынчтыгы үчүн маанилүү экенин билдирген.

Ошону менен катар ал ЖККУ аймактык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ экенин кошумчалап, мында Орусиянын өзгөчө ролун белгилеген.

ЖККУнун саммитине быйыл Орусия жетекчилик кылууда.

ЖККУнун мүчөлөрү - Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.(ZKo)

Дагы караңыз

Конституциялык палата: парламенттик шайлоону токтотуу Баш мыйзамга каршы келбейтКонституциялык палата: Парламенттик шайлоону убактылуу токтоткон мыйзам Конституцияга каршы келбейтАКШнын башкы прокурору шайлоодо бурмалоо болбогонун билдирдиБритания вируска каршы вакцинаны биринчи алатГермания: Триер шаарындагы окуянын террорчулукка тиешеси жокБөрүбашев: Биз Конституцияны өзгөрткөн жокпуз, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жатабызCOVID-19: Сурабалдиева саламаттык сактоо министрлиги менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сынга алды Назарбаев өз «майрамында» сынга кабылдыАт-Башыга логистика борборун куруу маселеси кайрадан талкуулана баштадыПрезиденттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУнун онлайн жыйынына катышты