«Формула-1» эл аралык автожарыштын көп жолку чемпиону Льюис Хэмилтон («Мерседес» командасы) коронавируска кабылды жана ушундан улам бул дем алышта Бахрейндеги Сахира Гран-приси үчүн мелдешке катыша албай калды.
Өткөн аптада Хэмилтон үч жолу тест тапшырып, үчөөндө тең оору аныкталган эмес. Бирок анын командасы спортчу дүйшөмбүдө эртең менен ойгонгондо эле оорунун жеңил белгилерин байкаганын, кайталап тапшырган тести оң чыкканын, бирок өзүн жакшы сезип жатканын билдирди.
Бахрейдин медициналык талаптарына ылайык, 35 жаштагы Хэмилтон өзүн өзү обочолоду. Ал «Формула-1дин» жети жолку чемпиону болуп, дүйнөлүк рекорд койгон.
Дүйнө жүзүндө коронавирус болгондордун саны 63,3 миллион адамдан ашты, бул илдеттен 1,47 миллиондой бейтап көз жумду.
Дагы караңыз
УКМК кримтөбөл Досоновго издөө жарыялады«Баш мыйзамды шашып өзгөртүүгө болбойт»Демократияга доо кетирген онлайн опузаКазакстандык укук коргоочу айымдарБеларуста кезектеги акция кармоо менен бүттүАксы: Өзбекстандын чек араны тосуу аракети