Бишкекте 1-декабрда өтүп жаткан тегерек үстөлдө Баш мыйзамдын талкууга коюлган жаңы долбоорундагы коркунучтар жана чакырыктар тууралуу сөз болду. Талкууга Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева баштаган юристтер катышты.
Жыйында юрист Таттыбүбү Эргешбаева сунушталган долбоор демократиянын принциптерине каршы келе турганын айтып, жарандык активисттерди, саясатчыларды мындай талкууларга жигердүү катышууга чакырды.
Дагы бир юрист Сания Токтогазиева азыр сунушталып жаткан долбоор бийликти бир колго топтоого жол ачат деген оюн билдирди.
Азыр талкууланып жаткан Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын, өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт, беш жылдан эки мөөнөткө шайланат.
Ошондой эле долбоордо өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Элдик курултай түшүнүгү да киргизилип жатат. Бул орган «коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдерди» кабыл алып, аларды мамлекеттик органдардын кароосуна киргизе алат.
Долбоор 17-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан талкууга коюлган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн.
Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп келишет. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп тынчсызданып жатышат. (NT)
Дагы караңыз
Сурабалдиева: Жогорку окуу жайлары жаңы жылдан тартып кадимки форматта иштейтФинпол: Сарпашев суракта 530 гектар жерин мамлекетке кайтаруу ниетин билдирдиБишкек мэриясы: Кинотеатрлар жана фудкорттор ачылды, оору көбөйсө кайра жабабызСПИДдин ВИЧ инфекциясы жыныстык жол менен көп жугууда