Бишкек-Ош жолундагы автокырсык үч кишинин өмүрүн алды

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.

Бишкек-Ош жолунда 30-ноябрдын түнү болгон кырсыктан үч киши каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жол кырсыгы саат 23:08де трассанын 498-чакырымында, Ноокен районундагы Кыпчак-Талаа айылында болгон.

«Дэу Нексия» жана «Мерседес-Бенц Спринтер» автоунаалары кагылышып, бир киши ошол жерден кайтыш болгон. 22 жана 26 жаштагы эки жигит ооруканадан каза болгон. Дагы эки киши жабыркап, Кочкор-Ата шаардык бейтапканасына жеткирилген.

Расмий статистика боюнча 2020-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 4184 жол кырсыгы катталган, 6271 адам ар кандай жаракат алган. 496 адамдын өмүрү кыйылган.

Дагы караңыз

Финпол: Сарпашев суракта 530 гектар жерин мамлекетке кайтаруу ниетин билдирдиCOVID-19: Бир күндө дагы төрт бейтап кайтыш болду, вирус 371 кишиден табылды Бишкек мэриясы: Кинотеатрлар жана фудкорттор ачылды, оору көбөйсө кайра жабабызСПИДдин ВИЧ инфекциясы жыныстык жол менен көп жугууда