Нарында көмүр казган үч ишкана жумушун токтотту

Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында көмүр казуу менен алектенген ишканалар шериктештигинин үч мүчөсү бул бирикмеден чыкты. Бул тууралуу 30-ноябрда «Азаттык» радиосуна шериктештиктин башында турган «Кыргызкөмүр» ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди. Анын айтымында, 20 ишканадан турган шериктештиктин курамынан үчөөнүн чыгышына алар көмүр казуу иштери менен көптөн бери алектенбей калганы себеп болду. Бул ишканалар Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташыбайт.

«Алар - «АГК-Тоо Инвест», «Миң-Куш Индастри» жана «Нарын-Көмүр». Бул ишканалар мындан ары ЖЭБке көмүр жеткизүү менен алек болушпайт, бирок тоо-кен иштерин жүргүзө беришет. Жергиликтүү тургундар жолун тосуп салганына байланыштуу «Берекет-Кен», «Нарк-Тоо» жана «Миң-Куш» ишканаларынын да иши токтоп турат», - деди Жийде Зоотбекова.

Ошентип, «Кыргызкөмүрдүн» маалыматына караганда, азыр Нарында көмүр казган 20 ишкананын 14ү гана көмүр ташып жатат. Кесек көмүр бир гана «Кара-Кече» кенинен казылып алынууда.

Бир ай мурда Миң-Куш айылынын тургундары экология маселесин көтөрүп, айылдын жанындагы көмүр кенин иштетүүгө каршы чыгышкан.

Бишкек ЖЭБинде Нарындан жана Казакстандан ташылып келген көмүр жагылат. (RK)