Женевада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү башталат

Сириядагы дээрлик тогуз жылга аяк баскан согушта 400 миңден көп кишинин өмүрү кыйылды жана миллиондогон жайкын тургун там-ташын таштай качты.

Женевада 30-ноябрда Сирия өкмөтүнүн жана оппозиция өкүлдөрүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бул өлкө боюнча атайын чабарманы Гейр Педерсен бул жолугушуунун алдында «биздин аракеттерибиз улам тараптардын ортосундагы ишеним бекемделе баштады деп үмүттөнөбүз» деп айтты.

Педерсен сүйлөшүүлөрдөгү негизги маселе - жаңы Конституциянын принциптери тактап-талдоо болорун белгиледи.

Сириядагы дээрлик тогуз жылга аяк баскан согушта 400 миңден көп кишинин өмүрү кыйылды жана миллиондогон жайкын тургун там-ташын таштай качты.

Бул жарандык согушта Орусия менен Иран Асадды колдоп келет, ал эми ар кандай козголоңчу топторго негизинен АКШ менен Түркия көмөк көрсөтөт.

Буга чейин Сирияда тынчтык орнотуу боюнча БУУнун, Орусиянын, Түркиянын жана Казакстандын ортомчулугу сүйлөшүүлөр бир канча айлампа менен өткөрүлгөн, бирок андан майнап чыккан эмес, адам өлүмү менен аяктаган куралдуу кагылыш токтой элек.

Дагы караңыз

Конституциялык реформа: Талаш жараткан жагдайлар“Светтик эмес өлкөлөрдө дин көп кысымга алынат" Баңгизат чыры: Шектүү милиционердин жакындары бийликке кайрылдыАял башкарган Финляндиянын ийгилигиКонституцияны өзгөртүүгө каршы акция уланды