"Эми ата мээримине зар эмесмин"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Сафия сыр бөлүштү. ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөрдүн тагдырына арналган "Сынбайм" деп аталган подкасттын кезектеги чыгарылышы.
2006-2007-жылдары Ош, Жалал-Абад облустарындагы ооруканаларда медицина кызматкерлеринин шалаакылыгы менен 382 наристеге ВИЧ жугуп калган.
Айрымдары жашоо менен кош айтышты. Көпчүлүгү бой жетип калышты. Мамлекеттен жөлөкпул, эл аралык уюмдардын көмөгүндө акысыз дары-дармек алып турушат.

“Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган аудиобаяндар сериясын сунуш кылып келүүдө.