Ооганстанда аскердик базага кол салуу болду

Газни провинциясында кол салуу болгон жер. 29-ноябрь, 2020-жыл

Ооганстанда жекшемби күнү жанкечти Газни аймагындагы аскердик базага кол салганда бери дегенде 30 жоокер мерт кетти. Расмий маалыматка ылайык, дүрмөттөлгөн машине жарылганда кеминде дагы 24 аскер жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Куралдуу күчтөрдүн басма сөз катчысы жардыруу болгонун бышыктады, бирок жабыркагандар тууралуу маалымат берген жок.

Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Газни провинциясында соңку кезде «Талибан» кыймылынын согушкерлери менен ооган армиясынын ортосунда кагылышуулар көп болуп келатат. Аймактагы 19 райондун жарымынан көбү талибдердин көзөмөлүнө өткөн.

2018-жылдын август айында "Талибандын" жоочулары провинциянын борбору Газни шаарына чабуул койгондо армиянын жүздөгөн жоокери, согушкерлер жана карапайым тургундар каза болгон.

Ушул эле 29-ноябрда жанкечти Зубал аймагынын жергиликтүү кеңеш башчысы Аттажан Хакбаят бараткан машинеге кол салып, бери дегенде үч киши ажал тапты, 12 киши жарадар болду. Хакбаят жеңил жараат алып, аман калганы кабарланды.

Дагы караңыз

Аял башкарган Финляндиянын ийгилигиЛукашенкого каршы чыккан 300дөн ашуун демонстрант кармалганы кабарландыБокс: Тайсон менен Жонсту таарынткан беттешСаясатчы Бектур Асанов ачкачылыгын токтотту