Токиодогу Олимпиада оюндарын кечеңдетүү кошумча чыгым жаратты

Жапония Олимпиада комитетинин башкеңсесинин маңдайында. 2020-жылдын 24-марты.

Оболу 2020-жылы жайында өткөрүлө турган Токио Олимпиадасын коронавирустун айынан бир жылга кечеңдетүүнүн айынан анын уюштуруучулары 2 миллиард АКШ доллар (200 миллиард йен) кошумча чыгымга кабылышканын маалымдашты.

Уюштуруучуларга шилтеме кылып, жапондук «Йомиури» гезити дал ушундай маалыматты жарыялады. Бул кошумча чыгымга кызматкерлерге кошумча айлык акы төлөө, колдонулбай калган билеттерди кайтаруу системасын түзүү сыяктуу иштердин төлөмдөрү жана башкалар кирет.

Токио Олимпиадасын уюштуруучулар 2020-жылдагы спорттук майрам 7,3 миллиард долларга турат деп 2013-жылы санашкан, эми болсо оюндардын жаңы чыгымдары дээрлик 13 миллиард долларга турат.

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл март айында Эл аралык Олимпиада комитети менен Жапония өкмөтү оюндарды бир жылга кечеңдетүү тууралуу чечим кабыл алышкан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тыныбекова: Олимпиада өтчү күндү күтүп жатам

Эми 2021-жылдын 23-июлунда Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылат. Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова сыяктуу бир катар кыргызстандык спортчулар да бул оюнга катышуу үчүн жолдомо алышкан.

Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын Паралимпиада оюндары өз ишин 2021-жылы 24-августта баштамакчы.