Беларуста нааразылык чаралары жекшембиде улантылды

Беларус оппозициясын колдогон "Коңшулар жүрүшүнүн" катышуучулар тобу. Ивье шаары, Беларус. 2020-жылдын 29-ноябры.

Беларустун борбору Минск шаарынын айрым бөлүктөрүндө жана башка шаарларда Лукашенкого каршы “коңшулук жүрүш” алкагында нааразылык жыйындары өтүүдө. 29-ноябрда оппозиция жаңы ыкманы кайталады: эми жыйындар бир жерде эмес, чачкын түрдө уюштурулууда.

Нааразылык жүрүшүнүн бөлүктөрүнүн катышуучулары шаарлардагы жүрүш багыттарын өздөрү аныктап алышат. Алардын талаптары мурдагыдай эле: Александр Лукашенконун мамлекет башчы кызматынан чегиниши, саясий камактагыларды дароо абактан бошотуу, коопсуздук күчтөрүнүн зомбулуктарына чек коюу.

29-ноябрда Минскинин Пушкин аянтында чогулгандарды четинен кармай башташканы маалымдалды.

Дагы караңыз Минскиде Роман Бондаренко эскерилди

Борбордун Дзержинский проспектинде оппозиция илип кеткен “Мен чыгам” («Я выхожу») деген сөздөр жазылган баннерди коопсуздук күчтөрү кайра сыйрып ташташты. Бул – “Өзгөрүүлөр аянтында” коопсуздук кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн Роман Бондаренконун акыркы сөздөрү болчу.

Лукашенко болсо өлкө башмыйзамы өзгөргөн соң гана кызматтан кетээрин билдирген. Ал 17-ноябрдагы өкмөттүк чогулушта борбор шаарды тартипке салуу, нааразылык иш-чараларын токтотуу тапшырмасын берген.

2020-жылдын августунун башындагы “президенттик шайлоо жыйынтыгы одоно бурмаланды” деген доого байланыштуу Беларус калайыгынын тынч нааразылык чаралары дээрлик 113 күндөн бери ырааттуу уюштурулуп келет.