Бишкекте салык башкармалыгынын имаратында өрт чыкты

Өрт. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектин Октябрь райондук башкармалыгынын имаратынын кире бериш чатырчасы күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Анда айтылгандай, өрт имаратка жалгашып курулган күзөтчү отурган күркөдөн чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө өрткө каршы кызматтын эки бөлүмү тартылып, чектөөгө алган.

Жабырлануучулар жок экени маалымдалды. Келтирилген чыгым эсептелип жатат. Өрттүн себептери да иликтенүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын он айында Кыргызстанда жалпы 2045 өрт катталган. Тилсиз жоонун чыгымы 473 млн. сом деп эсептелд. (ErN)

Дагы караңыз

Украина коопсуздук кызматы Голодомор боюнча жашыруун маалыматты шардана кылдыКамчыбек Ташиев: "Эми мындан да катуураак иштейм, үлгүрүш керек"Аял башкарган Финляндиянын ийгилигиКонституцияны өзгөртүүгө каршы акция уланды