Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканада жаткан жеринен «Фейсбукка» пост жазып, абалы тууралуу кыскача кабарлады.
«Эч кимге айтпай үч күн ооруканада жаткандан кийин билип калдыңар, миңдеген-миңдеген адамдар дуба кылып, каалоолорун айтышты. Мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым. Баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем, рахмат айтам. Эми өзүмдүн диагнозумду билем, менин өмүрүм - кыргыз элимдики. Эми мындан да катуураак иштейм, үлгүрүш керек»,- деп жазды.
Ташиев кандай диагноз коюлганын жана кайсы ооруканада жатканын тактаган эмес.
Мурдараак бир катар басылмалар Камчыбек Ташиев жүрөгү кармап ооруканага жатканын кабарлашкан эле. 26-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматкери ал ден соолугуна байланыштуу ооруканага жатканын ырастап, абалы канааттандыраарлык экенин билдирген.
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда Бишкекте болгон нааразылык акциялары ири башаламандыкка айланган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин имаратын талкалап, басып алышкан. Бул окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.
Башаламандык учурунда тарапкерлери түрмөдөн чыгарып, сотто шашылыш акталган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалып, кийин президенттин милдетин аткара баштаган. Ал президенттик милдетти алары менен Камчыбек Ташиевди УКМКнын жетекчилигине дайындаган.
Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттик милдетти 14-ноябрда өткөрүп берген, премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон. Президенттин милдетин учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарууда. (ErN)
Дагы караңыз
Аял башкарган Финляндиянын ийгилигиОоганстанда ондогон киши автоунаанын жарылуусунан набыт болдуКонституцияны өзгөртүүгө каршы акция уландыБудапешттеги музей башчысы Жорж Соростун ишмердигин нацисттик газ камераларына салыштырганы үчүн сынга кабылды