Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.
Анда айтылгандай, Новиков товарлардын толук эсебин камсыз кылуу үчүн «Жыйынтыктоочу пост» бирдиктүү маалымат тутумун түзүү керектигине токтолду. Ал муну менен аткезчиликтин алдын алуу жана ага каршы күрөш күчөйт турганын белгиледи.
Бекетти кароо учурунда өкмөт башчы айрым кызматтардын ишине нааразы экенин билдирди.
«Ушул убакка чейин даярдалган чаралардын эч бири иштебей жатканына ынандык. Мисалы, салык кызматына 15-ноябрдан баштап товарларды эсепке алуунун пилоттук тутумун киргизүү боюнча конкреттүү тапшырма берилген. Бирок жабдуулар орнотула элек электигин көрүп жатабыз. Бардык техника үкөктөрдө салынган боюнча турат. Бул тиешелүү кызматтардын толук аракетсиздиги. Бүгүнкү күндө товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөгөндөрдүн ар биринин маалыматтары ар кандай. Алар өткөн транспорт каражаттарынын чыныгы санын чагылдырбайт.
Ошол эле учурда маалыматтар так болбогондуктан, өткөн күндөгүлөрдү алуу мүмкүн эмес. Тутумдун иштебей калгандыгынан улам, товарларды эсепке алуунун реалдуу маалыматтары чагылдырылбайт, бул коррупцияны жана тобокелчиликтерди жаратат», - деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Артем Новиков тапшырмаларды аткарбаган адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүүнү буйруду. Ал ошол эле учурда жакынкы күндөрү өткөрмө пунктуна дагы келип, жаңы системанын иштешин текшере турганын эскертти.
Кыргызстандагы 5-6-октябрдагы окуялардан кийин өкмөт башчылыкка келген Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу тапшырган. Учурда анын милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда. (ErN)
Дагы караңыз
Дания миллиондогон “зомби-норкалардын” сөөгүн өрттөмөкчүУКМК Сегизбаевге кол топтоп жаткан Дүйшөнбек Чоткараевдин кармалышы жөнүндө түшүндүрмө бердиТихановская Байден менен жолугушууга чакыруу алганын кабарладыТалант Мамытов шайлоо алдында коопсуздукту камсыздоону күчөтүүнү тапшырды