Австралия армиясынын кол башчысы Рик Бурр атайын бөлүктүн 13 жоокери Ооганстан боюнча баяндамага байланыштуу кызматтарынан алынарын жума күнү билдирди.
Өткөн аптада жарык көргөн документте австралиялык аскерлер 2005-2016-жылдар аралыгында 39 карапайым ооганды жана туткунду мыйзамсыз өлтүргөнү айтылган.
Генерал Бурр чара көрүлө турган жоокерлердин ысымдарын атаган жок, бирок алар адам өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылышы мүмкүн деген азыркы жана мурдагы 19 аскердин катарына кирбейт деди. Сөз болгон 13 жоокер армия жетекчилиги берген эскертүүгө эки жума ичинде жооп кайтара алат.
Мыйзам бузуу тууралуу докладда Ооганстандагы абактарды кайтарган австралиялык офицерлер жаш жоокерлерге «биринчи кан чыгаруу» деген ырым кылып «туткундалган адамды өлтүр» деп тапшырма бергени айтылган.
Төрт жылга созулган иликтөө учурунда атайын судьянын командасы 20 миң документ менен таанышып, 400дөй күбөнүн көрсөтмөсүн алган. Австралия ал окуя үчүн Ооганстандан кечирим сурады.
АКШ баштаган антитеррордук коалициянын курамында Австралиянын аскерлери Ооганстанда 2001-жылдан бери террорчулукка каршы операцияларга катышып жүрөт.
Дагы караңыз
Финпол: Тайырбек Сарпашевге иш козголдуКонституциялык кеңешме «ар-намыска шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталат» деген норманы четке какты Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Дыйканбаев эки айга камалдыКонституциялык кеңешме: Кыргызстандын аталышы өзгөртүлбөйт