Анарбек Калматов президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматынан бошотулуп, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов 27-ноябрда кол койду.
Анарбек Калматов 57 жашта. Ал прокурордук кызматтарда иштеп жүрүп, 2010-жылы Жогорку Кеңешке “Ар-Намыс” партиясынан депутат болуп шайланган. 2015-жылы КСДП фракциясына мүчө болгон.
Президенттин алдындагы ырайым берүү комиссиясына жооптуу катчы болуп быйыл март айында дайындалган.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү кызматындагы Курманбек Дыйканбаев өзүнүн арызынын негизинде кызматынан бошотулганы тууралуу жарлыкты президенттин сайты 27-ноябрда жарыялады.
Курманбек Дыйканбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коррупцияга шектүү катары 24-ноябрда кармап, соттун чечими менен эки айга камакка алган. Кылмышка шектүү жана анын жактоочулары бул тууралуу комментарий бере элек. (RK)