Эскертүү иретинде Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлери асманга ок атканын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, облустук ЖКККБнын кызматкерлери 26-ноябрь күнү Ысык-Ата районунда документ текшерүү максатында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү эки машинени токтотушкан.
Анда «автоунаанын айдоочулары ага баш ийбей, токтотпой айдап кетишкен. Артынан кууган милиция кызматкерлери автоунаалардын бирин Киров айылынын аймагында кууп жетип, токтоткон учурда, андагы адамдар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, кол көтөрүшкөн. Милиция кызматкери куралынан асманга ок атууга аргасыз болгон» деп жазылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 23 жаштагы айдоочу кармалганы кабарланды. Качып кеткен экинчи автоунаага издөө жарыяланды. (ZKo)
Дагы караңыз
Медкызматкерлерге кенемте төлөш үчүн документ кабыл алуу убактылуу токтотулдуБишкекте жаш театр ишмерлеринин алгачкы форуму өтөтКоронавирус бир күндө 377 адамдан табылды, дагы беш бейтап каза болдуАкыйкатчы Баш мыйзамдын долбооруна эл аралык экспертиза жүргүзүүгө Венеция комиссиясынан көмөк сурады Улукбек Кочкоров: президенттин эбегейсиз укугу эбегейсиз жоопкерчиликти талап кылат«Клооп» Чаткалдагы кабарчысынын суракка чакырылышын басым катары баалады