Кыргыз театр маданиятынын тарыхында алгачкы жолу I Республикалык жаш театр ишмерлеринин «Жаратман - 2020» форуму өтөт. Иш-чара 27-ноябрда кечки саат беште башталарын Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын өкүлдөрү маалымдашты.
«Форум онлайн форматта өтөт жана бир жумага созулат. Максаты - жаш муундардын билимин тереңдетүү, театр искусствосун өркүндөтүү. Алдыңкы театр чеберлери билими, тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү»,- деди долбоордун демилгечиси Назым Мендебаиров.
Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры чогуу уюштурууда. (SE)
Дагы караңыз
Акыйкатчы Баш мыйзамдын долбооруна эл аралык экспертиза жүргүзүүгө Венеция комиссиясынан көмөк сурады Медкызматкерлерге кенемте төлөш үчүн документ кабыл алуу убактылуу токтотулдуСуваналиев: 6-октябрдан кийин криминал бийликти алууга аракет кылдыСуваналиев Башкы прокуратуранын Мадумаров боюнча кайрылуусун туура эмес деп эсептейт«Клооп» Чаткалдагы кабарчысынын суракка чакырылышын басым катары баалады