Суваналиев Башкы прокуратуранын Мадумаров боюнча кайрылуусун туура эмес деп эсептейт

Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Башкы прокуратуранын саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылганын туура эмес деп эсептейт. Суваналиев мындай пикирин «Азаттык» менен болгон маегинде билдирди.

«Мадумаров барып ал жактагы биздин жарандар менен жолугуп эле жүргөн. Ал роль ойнобойт. Бизде мамлекеттик кызматкерлер кызмат көрсөтөбүз дейт. Анын кесепетин ойлош керек. Ар бир аткаминер саясатты дагы ойлошу керек. Ушул кагазды жибергенден кийин кандай саясат болот деп ойлошу керек. «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон (парламенттик-ред.) четтетип салганда биз саясатчы катары аны жакшы жакка буруп кеттик. Азыр дагы ошондой болот», - деди Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев алдыдагы президенттик шайлоодо Мадумаровду колдобой турганын, «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесине парламентке барыш үчүн гана кошулганын кошумчалады.

Башкы прокуратура президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштеринин белгилерин кароону БШКга 24-ноябрда сунуштаган.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 25-ноябрда кызматынан убактылуу четтеген өкмөт башчы, президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровго жана БШКга кайрылуу жиберди. Анда ал Башкы прокуратура БШКга жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турат деп эсептеген. (TSh)

Дагы караңыз

Суваналиев: Бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн колдоймСуваналиев: 6-октябрдан кийин криминал бийликти алууга аракет кылдыСуваналиев: Садыр Жапаровдун күзөтчүлөрүн алууга мен буйрук берген эмесминАдахан Мадумаров Садыр Жапаровго жана БШКга кайрылдыПрокуратура үгүт иштери боюнча үн катты