УКМК: Ташиевдин саламаттыгы канааттандыраарлык

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага жатты. УКМКнын басма сөз кызматкери учурда Ташиевдин ден соолугу канааттандыраарлык экенин билдирди.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда Бишкекте болгон нааразылык акциялары ири башаламандыкка айланган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин имаратын талкалап салышкан. Бул окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда президенттик кызматтан кетерин жарыялап, 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.

Башаламандык учурунда тарапкерлери түрмөдөн чыгарып, сотто шашылыш акталган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалып, кийин президенттин милдетин аткара баштаган. Ал президенттик милдетти алары менен Камчыбек Ташиевди УКМКнын жетекчилигине дайындаган.

Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттик милдетти 14-ноябрда өткөрүп берген, премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон. Президенттин милдетин учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарууда. (TSh)

Дагы караңыз

Түркияда төңкөрүш аракети боюнча 400гө жакын адамга өкүм чыктыБайсалов: Жакыр мамлекетте парламенттик демократия болушу мүмкүн эмес Соодасы солгундаган "Дордой"