Саясатчы Бектур Асанов ачкачылык баштай турганын жарыялады

Бектур Асанов эркиндикке чыккан учур. 12-февраль, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бектур Асанов 27-ноябрдан тартып мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу ал 26-ноябрда басма сөз жыйынында кабарлады. Ал мунун себебин өзүнүн сот иштери улам жылып жатканы менен байланыштырды:

«Мага 2016-жылы козголгон иш боюнча соттук отурум 25-ноябрда Жогорку сотто кайра каралышы керек эле. Бирок «соттук коллегиянын курамы толук эмес» деген негиз менен отурумду 10-декабрга жылдырышты. Бул саясий буйруктун негизинде, мени президенттик шайлоого катыштырбоо максатында, атайын жасалып жатат», - деди Бектур Асанов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-ноябрда Бектур Асановду «соттолгон» деген негиз менен президенттик жарыштан четтеткен. БШК Асановдон башка президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирген 12 жарандын документин да артка кайтарган.

Бектур Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда саясатчылар Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков менен кошо «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен камалып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык караган, алар ошол жылдын 12-февралында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган. (MiK/ZKo)

Дагы караңыз

Байден COVID-19га каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды Байсалов: Жакыр мамлекетте парламенттик демократия болушу мүмкүн эмес Талант Мамытов: Кыргызстан - бир да дин мамлекеттик же милдеттүү деп таанылбаган дүйнөбий өлкөБишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайтЗере кыздардын укуктарына арналган жаңы ырын ырдап чыктыМарадонанын каза болгонуна байланыштуу Аргентинада үч күндүк аза күтүү жарыяландыЖо Байден элди коронавируска каршы күрөштү күчөтүүгө чакырдыБишкекте «Тез жардам» бригадалары жетишпей жатат