Зере кыздардын укуктарына арналган жаңы ырын ырдап чыкты

Зере Асылбек кызы.

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызынын «Апам айткан» аттуу ыры коомчулуктагы кыздарды тыюу маселесин чагылдырат. Анда ырчы кыздарга бала кезинен тартып «сен кыз баласың, абайла» деген мааниде салынып келген тыюулар жөнүндө ырдаган.

Зеренин адам укуктарын урматтоого чакырган «Кыз» аттуу клиби былтыр күзүндө жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылгандар аны «өлтүрүп кетебиз» деп коркутушкан. Зере андан кийин да кыздардын укуктарына арналган бир нече ыр жаратып, былтыр 29-декабрда «Асанбай борборунда» концерт берген.

Зеренин атасы, белгилүү педагог адис Асылбек Жоодонбеков милицияга кайрылган.

Кыргызстанда 25-ноябрдан тартып «Зомбулуксуз жашоо» деп аталган 16 күндүк акция башталды. (ZKo)

Дагы караңыз

Марадонанын каза болгонуна байланыштуу Аргентинада үч күндүк аза күтүү жарыяландыБишкекте быйыл жаңы жылдык салют атылбайтТалант Мамытов: Кыргызстан - бир да дин мамлекеттик же милдеттүү деп таанылбаган дүйнөбий өлкөЖо Байден элди коронавируска каршы күрөштү күчөтүүгө чакырдыБишкекте «Тез жардам» бригадалары жетишпей жататСOVID-19: АКШда каза болгондор көбөйдү, Германия чектөөлөрдү узартты3,1 миллион долларлык интервенция жүргүзүлдү