Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы» баракчасында шаардыктарга кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында 10-декабрда борбордук Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык балатынын гана оттору жанат.
«Былтыркы жасалгалар менен символдуу түрдө аянтка балаты орнотобуз, отун жандырабыз. Бирок Жаңы жылдык концерт болбойт жана салют атылбайт. Буга 4 млн. сомдой каражат керектелет. Учурдагы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал ашыкча чыгымга жол бербейт», - деди ал.
Мэрдин милдетин аткаруучу шаардыктарды бул чечимге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Былтыр, 2019-жылы баш калааны жаңы жылдык майрамдарга карата кооздоого шаардык бюджеттен 6 миллион 800 миң сом, 2018-жылы 5 миллион сом сарпталган.
Быйыл 31-август, Эгемендик күнүнө карата Бишкекти жасалгалап, фейерверк уюштурууга 2 миллион 700 миң сом бөлүнгөнү кабарланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Талант Мамытов: Кыргызстан - бир да дин мамлекеттик же милдеттүү деп таанылбаган дүйнөбий өлкөЖо Байден элди коронавируска каршы күрөштү күчөтүүгө чакырдыБишкекте «Тез жардам» бригадалары жетишпей жататСOVID-19: АКШда каза болгондор көбөйдү, Германия чектөөлөрдү узартты3,1 миллион долларлык интервенция жүргүзүлдүБишкек ЖЭБи жылына 1 млн. тоннадан ашык көмүр жагат