Жо Байден элди коронавируска каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды

Жо Байден.

Кошмо Штаттардын шайланган президенти Жо Байден Алкыш күнүн утурлай америкалыктарга кайрылып, коронавируска каршы чараларды эки эсе көбөйтүүгө чакырды. Ал майрамды салтка айлангандай үй-бүлө мүчөлөрү менен жоон топ болуп чогулуп белгилебей, айылчылабай турууга үндөдү. АКШ өпкөнү сезгентүүчү илдетке кабылган жана андан ажал тапкандардын саны боюнча дагы эле биринчи орунда турат жана абал оңоло элек.

АКШда соңку бир күндө оору дагы 200 миңге жакын адамдан табылды. Ушул тушта өлкө боюнча ооруканаларда дээрлик 90 миңдей бейтап жатат жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Өлкөнүн мөөнөтү бүтүп бараткан президенти Дональд Трамп коронавируска каршы күрөштө алдыңкы катарда болгондорго алкыш айтты.

Трамп Байдендин жеңишин дагы эле тааный элек. Ал 25-ноябрда соңку шайлоодо жеңип чыкканын дагы айтып чыкты. Трамптын юристтери бир катар штаттарда добуштардын кайра саналышын, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын талап кылып сотторго арыз жазган, бирок дээрлик баары аны канааттандырган эмес.

Алдын ала маалыматка ылайык, Байден шайлоочулар коллегиясынын 306 добушун алды, Трамп болсо 232 добуш топтоду. Шайлоочулар коллегиясы 14-декабрда жыйынга чогулуп, шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланат.