3,1 миллион долларлык интервенция жүргүзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 25-ноябрда сатыкка 3,1 миллион доллар чыгарды. Ушуну менен ноябрь айында сегизинчи, ал эми жыл башынан бери 23-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 407 миллион доллардан ашуун каражат коюлду.

Бүгүн, 26-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,80 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандап, 73 сомго түшкөн.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти.

Орус рублинин бүгүнкүгө расмий курсу 1 сом 11 тыйын деп аныкталды. (RK)