Сыдыкова: Эки палаталуу парламент болсо курултай коомдук бирикме катары калышы зарыл

Лейла Сыдыкова, юридика илимдеринин доктору.

Эгер Кыргызстанда эки палаталуу парламент системасы орносо курултай институтун мамлекеттик бийлик органы катары киргизүү туура эмес болот. Мындай пикирин 26-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы редакциясын талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин жыйынында Кыргыз-Орус (Славян) университетинин проректору, юридика илимдеринин доктору Лейла Сыдыкова билдирди.

Ал курултай институтун жөнгө салуучу норма Конституцияда мамлекеттик бийлик эмес, адам укуктары катары жазылышы туура болорун белгилеп, курултайдын делегаттарын ким кантип шайлай турганы, анын ыйгарым укуктары жана функциялары кандай болору так жазылган мыйзам иштелип чыгышы керек экенин кошумчалады. Ал курултай мамлекеттик орган болгон президенттин, парламенттин, сот жана аткаруу бийликтеринин ордун ээлебеши керек экенин айтты.

Сыдыкова мыйзамдарда мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары менен катар жоопкерчилиги да так жазылганын, ал эми курултайдын жоокерчилиги көбүнесе моралдык жана коомдук мүнөздө экенин айтып, эгер курултай мамлекеттик орган боло турган болсо, ал парламенттин өкүлдөр палатасын кайталап каларын белгиледи:

«Өкүлдөр палатасы өзүнүн коомчулугунун кызыкчылыктарын көздөйт. Анда курултайдын эмне кереги бар? Бул жерде мына ушундай дал келбестик пайда болуп жатат. Эгер эки палаталуу парламент да, курултай да болсо, өлкөбүз көтөрө албай турган өтө чоң түзүм жаралат. Мыйзамдар кайра көпкө каралбай калат, бийликтин коллапсы пайда болот. Биз кайра өтө чоң кризиске кабылабыз. Ошондуктан курултайды жарандардын коомдук бирикмеси катары калтырыш керек».

Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү курултай институту Баш мыйзамдын өзөгүн түзүшү керек экенин айтып жатышат.

«Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев элдик курултайды коомдук саясий системага киргизүү зарылчылыгын төмөнкүчө түшүндүрдү:

«20 жылдан бери кайнап келе жаткан маселе. Курултай бизге дүйнөлүк процессте эл жана мамлекет катары өз жүзүбүздү сактап калыш үчүн, элдик бийликти жана адилеттикти орнотуш жана бийлик бутактарынын жоопкерчилигин камсыз кылыш үчүн керек».

Кыргызстанда Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» жобо 2001-жылы кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген институт киргизилип жатат.

Кеңешменин айрым мүчөлөрү Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу жана өкүлдөр деген эки палатадан турушу керек деген сунуштарын айтууда. (RK)