Башкы прокуратура Кыргызстандын президенттигине талапкер болууга арыз берген ишкер Имамидин Ташов үгүт иштерин жүргүзгөнү тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жиберди.
Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматта Имамидин Ташов журналисттер менен жолугуп, өзүнүн ой-максаттары тууралуу айтып бергени, журналисттер ал тууралуу маалымат каражаттарына жарыялашканы тууралуу кабарланган.
«KG групп» ишканасынын кожоюну Имамидин Ташов - 10-январда боло турган президенттик шайлоого катышарын билдирип, Боршайкомго арыз берген талапкерлердин бири.
Ташовдун шайлоо штабы Башкы прокуратуранын бул билдирүүсүнө жооп бере элек.
Башкы прокуратура буга чейин президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Москвада мигранттар менен жолугушуусу боюнча да БШКга кайрылган.
БШКнын түшүндүрмөсүнө караганда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мезгили 15-декабрдан баштап 9-январга чейин деп эсептелет. Андан башка убакта үгүт иштери жүргүзүлбөшү керек. Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген адамдар үгүттүн белгилери бар жолугушууларды, жыйындарды өткөрбөөгө тийиш. Боршайком талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз берген күндөн тартып анын жүрүм-турумуна баа берилет. Бул жоболор шайлоого катышууга камынып жаткан адам БШКга арыз менен кайрылган күндөн баштап иштейт.
Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январга белгиленген. Шайлоого ат салышууга 63 киши арыз берип, анын 16сы ар кандай себептер менен жарыштан чыкты. Калган 47 талапкердин тогузу БШК белгилеген эки банк мекемесинен атайын эсептерин ачып, шайлоо фондусун түзгөнү 24-ноябрда кабарланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Осмоналиев: Уул-кыздарыбызды 9-класстан кийин тарттырып жиберүүдөбүзБюджеттин жыртыгы, өкмөттүн убадасыКоронавирустан бир күндө алты бейтап көз жумду, 427 адам жаңы катталдыЕвробиримдик гендердик саясат боюнча жаңы план иштеп чыктыАзери аскерлери Калбажарга кирдиКыргыз эстрада ырчылары үй-бүлөлүк зомбулукка каршы онлайн концерт бериштиТажикстанда оппозициячыл саясатчыга издөө жарыяланды