Муфтий жол кырсыктарында өлүм-житим көбөйүп жатканына тынчсызданды

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жол кырсыктары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу «Адам жаны аманат» аттуу бир жумалык иш-чара өткөрөт. Анда дин кызматкерлери айдоочуларга, айрыкча такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу муфтий Максатбек ажы Токтомушев 25-ноябрдагы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында өткөргөн жыйынында билдирди. Муфтий жол эрежесин сактоо, адам өмүрүнүн баалуулугу, шарияттагы айдоочунун орду жөнүндө жума хутбаларын даярдоону тапшырды.

«Кайсы гана маалымат булагын же социалдык тармактарды барактабайлы, үрөй учурган жол кырсыктарын көрүүгө болот. Бул адамдын зээнин кейитет. Өлкөдөгү бардык дин кызматкерлери айдоочулар менен атайын жолугушууларды өткөрүп, аларга адамдын өмүрү кымбат экендигин айтып, өзгөчө такси кызматын аркалагандарга түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп турууну чечтик», – деди Максатбек ажы Токтомушев.

Расмий статистика боюнча 2020-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 4184 жол кырсыгы катталып, 6271 адам ар кандай жаракат алса, 496 адам каза болгон. Көз жумгандардын 59у балдар. Бул кандуу көрсөткүчтөргө соңку эки айдагы адам өлүмү менен коштолгон жолдогу авариялар кошула элек. Жакында эле Нарынга бараткан такси жол кырсыгына учурап, беш киши мүрт кетти. (TSh)

Дагы караңыз

Дыйканбаевди камакка жетелеген шайлоодогу иш«Кайним аялын урат, мага да кол көтөрөт...»33 жаштагы аялдын өлүмү үчүн шектүү катары аны менен чогуу жашаган эркек кармалды