Сыймык Жапыкеев: аралаш башкаруу системасын колдойм

Сыймык Жапыкеев 5-октябрдагы митингдин алып баруучусу болгон.

6-октябрдагы саясий окуялардан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) жетекчи болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев мамлекеттик башкаруу системасында президенттик-парламенттик аралаш башкарууну колдой турганын билдирди. Жапыкеев мындай пикирин 24-ноябрда Жогорку Кеңеште «КООМ press» сайтынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Парламенттикпи, президенттикпи, адилет болсо айырмасы жок. Бирок бизге аралаш болгону жакшы», - деди Жапыкеев.

Президенттикке талапкерлигин коюш үчүн убактылуу кызматын тапшырган премьер-министр Садыр Жапаров 10-январда өтчү президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстандын башкаруу системасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү сунуш кылган. Бул тууралуу Жапаров 23-ноябрда «Жетинчи каналдагы» маегинде билдирген.

Жапыкеев 6-октябрда борбордук аянтта өткөн нааразылык акциясынын баштоочуларынын бири болгон. Ал жыйынтыгы жокко чыгарылган 5-октябрдагы парламенттик шайлоого «Чоң Казат» партиясын жетектеп барган. Мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап чыгып таанымал болгон. (TSh)

Дагы караңыз

Ташкент вирусту жеңгенин даңазалаган тасма тартуудаАкыйкатчы жогорку окуу жайларынын акысын төмөндөтүүнү сунуш кылдыИликтөөчү журналисттер үчүн сынак жарыяланды«Кайним аялын урат, мага да кол көтөрөт...»