БУУнун жумушчу тобу казак активисти мыйзамсыз камалган деп эсептейт

Серикжан Билаш.

БУУнун жумушчу тобу казакстандык активист Серикжан Билаш мыйзамсыз кармалган деген тыянакка келди. Бул тууралуу 24 «абийир туткунунун» укуктарын коргогон эл аралык «Freedom Now» өкмөттүк эмес уюму билдирди.

Каттоодон өтпөгөн «Атажұрт еріктілері» биримдигинин жетечиси Билаш былтыр мартта кармалып, беш ай үй камагында отурду. Анын уюму Шинжаңдагы казактардын укуктарын коргоп жүрөт.

БУУнун жумушчу тобу белгилегендей, казак бийлиги Билашты өз пикирин эркин билдирүү, эркин чогулуу укугунан пайдалангандыгы үчүн куугунтуктаган. Активистке «Социалдык, улуттук, расалык, же диний кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш козголгон.

Жумушчу топ коюлган айып укуктук жактан Билашты кармоого негиз боло алган эмес деп эсептейт.

46 жаштагы активист Шиңжаңдан көчүп келип Казакстан жарандыгын алган. Былтыр августта сот айып пул өндүрүү, коомдук уюмдарды жетектөөгө жети жылга тыюу салган чечимин чыгарган.

Окуганга кызыктуу

Жапаров-Текебаев тиреши курчудуТрамп бийликти өткөрүп берүүгө макул болду Акыркы эки күндө он адам каза болдуСот Текебаевди мандаттан ажыратты