Депутат маянаны, пенсияны, жөлөк пулду өкмөт качан көтөрөрүнө кызыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда азык-түлүкт АКШ доллары менен теңтайлашып кымбаттап жатканын белгилеген депутат, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Аалы Карашев 2021-жылдын бюджетинде айлык акы, пенсия жана жөлөк пулду көтөрүү максаты бар-жогун өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиковдон сурады. Новиков азырынча өкмөттө антип айлык акы, пенсия жана жөлөк пулду көбөйтүүгө каражат жок экенин айтып, учурда эң негизги азык-түлүктүн баасын түшүрүүгө жасалып жаткан аракеттер тууралуу билдирди:

«Биз азыр эттен тартып, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын түшүрүү жагын караштырып жатабыз. Учурда айыл чарба жармаңкелерин ачып, элди арзан азык-түлүк менен камсыз кылууга аракет кылуудабыз».

Депутат Аалы Карашев өкмөт 2020-жылкы мамлекеттик бюджеттин кыскартылгандан кийинки 96 млрд. сом өлчөмүндөгү кирешесин да аткара албаганын айтып, келерки жылга 126 млрд. сомду аткаруу оңой болбой турганын эскертти.

2020-жылы инфляциянын деңгээли 7,5% өсүп, бекитилген учурдагы 3,7% деңгээлден эки эседен ашып түштү.

Кыргызстанда азык-түлүк баалары доллар алгач кымбаттаган март-апрель жана июнь-июль айларынын аралыгында өкмөттүн аракети менен кармалып келген. Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик кайсы бир чекке жетпесе базардагы наркка кийлигише албайт. Бир ай ичинде кайсы бир азыктын наркы 20% кымбаттаса гана агенттик бааны тескөөгө кирише алат.

АКШ доллары март айынын аягында кескин кымбаттап, 69 сомдон 85 сомго чейин көтөрүлгөн. Кийин кайра 73 сомго чейин арзандап, кийинчерээк 78-79 сом, октябрь-ноябрь айларында 83-84 сомго чейин кымбаттап кетти. Бүгүн, 25-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,79 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.

Улуттук банк доллардын кунун кармоо үчүн жыл башынан бери 22 жолу интервенция жүргүзүп, сатыкка жалпысынан 404 миллион доллардан ашуун каражат чыгарды. (ZKo)

Дагы караңыз

БШК: Президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө 137 миллион сом талап кылынатДепутаттар жөлөк пул берүүдө документтерди санариптештирүүнү талап кылыштыАтамбаевдин соту ачык өтмөй болду, судья анын үч ишин бириктирип кароону чечтиБишкектин парк зонасындагы төрт гектар жер тилкеси талашка түштүЖогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк курамын кайра кароо маселеси көтөрүлдүАдахан Мадумаров Садыр Жапаровго жана БШКга кайрылды«Илиястын ырын» жазган Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн кайтты БШК: Президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктады