Таласта милицияга 12 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу арыз түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

18-ноябрь күнү Талас шаарынын тургуну 12 жаштагы кызы зордукталганын милицияга билдирди. Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Милициянын маалыматында: «18-ноябрь күнү Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө Талас шаарынын тургуну кайрылып, 2008-жылы туулган кызы эки жаш өспүрүм тарабынан зордукталганы тууралуу арыз жазган. Арызында ал 17-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында 12 жаштагы кызы 2004-жылы жана 2003-жылы туулган өспүрүмдөр тарабынан зордукталганын билдирген» деп жазылган.

Жергиликтүү милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлады. Анын негизинде соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, тергөө уланып жатат.

Кылмышка шектүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу маалымат таратылган жок. (ZKo)

Дагы караңыз

«Илиястын ырын» жазган Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн кайтты БШК: Президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктады Баткенде 45 жаштагы аял үйдөн чыккан боюнча дайынсызАк үй Байденге чалгын докладдарын алууга уруксат бердиКоронавирустан бир күндө төрт бейтап көз жумду, 378 адам жаңы катталдыУлуттук банк сатыкка дагы 1,6 миллион доллар чыгардыПандемия учурунда Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу 65% көбөйгөн