Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырды. Депутаттар Ализа Солтонбекова бул тармакта мурда да иштеп келгенин, буга чейин министрдин орун басары болуп иштегенин эске алып, колдоп беришкенин айтышты.
Ализа Солтонбекова 42 жашта. 2018-жылдан бери эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген. Анын талапкерлигин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына премьер-министр Садыр Жапаров көрсөткөн. Эми президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов аны буйругу менен дайындайт.
Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров октябрь айында бийлик алмашкандан кийин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен кызматтан бошотулган. Расмий маалыматта ал кызматтан өз арызы менен кеткени кабарланып, экс-министр өзү кызматтан бошотулганынан кабарсыз экенин билдирип чыккан. (ZKo)
Дагы караңыз
Депутаттар жөлөк пул берүүдө документтерди санариптештирүүнү талап кылыштыБишкектин парк зонасындагы төрт гектар жер тилкеси талашка түштүЖогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк курамын кайра кароо маселеси көтөрүлдүЖапаров-Текебаев тиреши курчудуКоронавирустан бир күндө төрт бейтап көз жумду, 378 адам жаңы катталдыКытай Ай кыртышын чогултуш үчүн космостук аппаратын учурдуПенсилваниянын губернатору Байдендин жеңишин тааныган документке кол койду«Спутник V» вакцинасы 95% натыйжа көрсөткөнү кабарланды