Орусия: Марий Эл Республикасынын мурунку башчысын 17 жылга кесүү сунушталды

Леонид Маркелов.

Орус прокуратурасы Марий Эл Республикасынын мурдагы башчысы Леонид Маркеловду 17 жылга кесүүнү суранды. Маркеловдун үстүнөн соттук жараян Нижний Новгород сотунда өтүп жатат. Анын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо Меркеловдун катаал режимдеги абакта жазасын өтөшүн сурады. Анын менен бирге айыпталып жаткан «12 Регион» телеканалынын мурдагы жетекчиси Наталья Кожанованы 10 жылга жана аймактын мурдагы айыл чарба министри Ираиде Долгушеваны 4,5 жылга кесүү тууралуу өтүнүч келтирилди.

Марий Эл Республикасынын башчысы 2017-жылы камакка алынган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Леонид Маркелов ишенимдүү адамдары аркылуу 235 миллион рубль пара алган. Мындан сырткары ага карата мыйзамсыз курал-жарак алган жана сактаган деген да айып коюлган.

Леонид Маркелов өзүнө коюлган айыпты четке кагып келет.

Окуганга кызыктуу

«Фейктерди токтотуунун жолун издеп жатабыз»Трамп бийликти өткөрүп берүүгө макул болду Байден командасынын мүчөлөрүн сунуш кылат«Баш мыйзамдын жаңы долбоору - өлкөгө каршы диверсиялык кадам»