Коронавирустан дагы төрт киши көз жумду, 481 бейтап жаңы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун жана дагы бирөө Чүй облусунун тургундары болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1241 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 481 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (176) жана Бишкек шаарында (124).

Оору жуккандардын жалпы саны 70 366 кишиге жетти. Бир күндө 433 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3831 адамга жетти, алардын 3662си айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 16 дарыгерден табылды.

Азыр ооруканаларда 2948 бейтап жатат, дагы 3829 адам үйүндө дарыланууда.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)