УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаев: Текебаевдин, Жапаровдун камалышы саясий иш болгон эмес

Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев өзү кызматта турган мезгилде камалган саясатчылар Садыр Жапаров жана Өмүрбек Текебаевдин ишинде «саясий мотив жок болчу» деп билдирди.

Ал мындай пикирин SUPER TV каналындагы маегинде айтты. Сегизбаев журналисттин «2017-жылы президенттик шайлоо алдында бийликке саясий курал болуп калган жоксузбу?» деген суроосуна мындай жооп берди:

«Биз өзүбүздүн милдетибизди аткарып жаттык. Эгерде колуңда «камалсын» деген соттун чечими болсо сен милдетиңди аткарасыңбы же саясат жөнүндө ойлоносуңбу? Ошол учурда өз милдетимди аткарбасам, мен арызымды жазып кетишим керек эле. Мен үчүн Садыр Жапаров саясатчы эмес болчу. Мен үчүн Садыр Жапаров бирөөнүн тапшырмасы менен Кыргызстанга өзүнүн максаттарын ишке ашырам деп кирип келген адам болчу. Экинчиден күнөөсүн аныктаган соттун чечими бар болчу. Текебаев боюнча. Ал мен үчүн президенттик кызматка талапкер эмес болчу. УКМКда козголгон иш бар болчу, ошол иш менен иш алып бардык».

Аты аталган эки саясатчы тең өздөрүнүн Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин учурунда камалып, кесилишин саясий куугунтук деп баалап келатышат.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду тил кат менен бошоткон. Октябрь окуяларынан кийин БШК Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берген.

Чет өлкөдө жүргөн Садыр Жапаров 2017-жылы мартта Кыргызстанга миңдеген тарапкерлеринин колдоосунда кайтып келген учурда чек арада камакка алынган. Ага «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып коюлуп, 11,6 жылга кесилген. 2019-жылы Жогорку сот анын жазасын бир жары жылга азайткан. Жапаров 6-октябрдагы окуялардын учурунда түрмөдөн бошонуп, Жогорку сот аркылуу акталып, бийликке келген.

Абдил Сегизбаев УКМКны 2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин башкарып, өз арызы менен кызматтан кеткен. Ошол мезгилде камалган саясатчылардын көпчүлүгү аны бийликтин саясий буйругун аткарган деп айыптап келишет.

Ал атайын кызматты башкарганга чейин мурдагы президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы, 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башчысы болуп эмгектенген.

Абдил Сегизбаев президенттикке талапкер болуш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендердин катарында. Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. (TSh)

Дагы караңыз

Тоолуу Карабакта азербайжан офицери мерт болуп, орусиялык офицер, жергиликтүү армяндар жаракат алдыКонституциялык реформа: "Шералынын чокою" жана тапанчаКалмаматов: Таза шайлоо өтөрүнө ишенбеймУланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка кезектеги сынак жарыяланды