24-ноябрда президенттикке талапкер болууга арыз бергендер басма сөз жыйынын өткөрөт

24-ноябрда Бишкекте президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы жөнүндө басма сөз жыйынын өткөрөт.

Бул тууралуу президенттикке талапкер катары арызын берген Клара Сооронкулова билдирди. Жыйынга канча талапкер жана кимдер катышары жөнүндө айтылган жок.

Басма сөз жыйынында талапкерлердин укуктарынын бузулушу, административдик ресурс колдонуу жана тоскоолдуктар жөнүндө сөз болот. Алар алдыдагы шайлоонун калыс өтүшүнөн шек жараткан жагдайларды айтып беришет.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга 63 киши арыз берип, ар кандай себептер менен 13ү жарыштан чыкты. (TSh)

Дагы караңыз

Калмаматов: Таза шайлоо өтөрүнө ишенбеймУланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка кезектеги сынак жарыяландыКыргызстандын бокс боюнча чемпионаты башталатЖапаров референдумда башкаруу системасын тандоону сунуш кылды