«Адилет»: Баш мыйзамды шашылыш өзгөртүү коомдук-саясий кырдаалды курчутат

Кыргызстандын Конституциясы.

«Адилет» укуктук клиникасы Кыргызстандын Конституциясын референдум аркылуу өзгөртүүнүн мыйзамдык негиздерин талдап, аны 20-ноябрда өзүнүн сайтына жарыялады. Ошондой эле клиниканын директору Чолпон Жакупова президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун дарегине талдоону жандоочу кат жиберген. Анда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө багытталган жол-жобонун шашылыш түрдө жүргүзүлүшүн мыйзамсыз деп баалаган.

«Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүш үчүн референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору жалпы депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен, мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөн күндөн бир айдан эрте эмес, ошол эле учурда үч айдан кеч эмес убакытта кабыл алынууга тийиш. Муну менен мыйзам долбоорун ар бир окуудан кабыл алуу 10 жумушчу күндөн аз эмес, 30 жумушчу күндөн көп эмес аралыкта жүргүзүлүшү зарыл.

Мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү 18-декабрда аяктайт. Ошондон кийин гана мыйзам долбоору парламенттин кароосуна расмий киргизилүүгө тийиш. Ал эми референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоору 18-январдан эрте кабыл алынбашы керек.

Мындан тышкары референдумду каржылоо булактары тууралуу өкмөттүн жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын уруксат корутундусу болууга тийиш. «Акчабар» сайтынын маалыматына таянсак, 2016-жылкы референдумду өткөрүүгө 135 млн. сом сарпталган», деп айтылат анда.

Катта көрсөтүлгөнгө караганда, «эгерде бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 18-декабрда жиберилсе жана өкмөт менен Конституциялык палатанын уруксат корутундуларына ээ болсо, ал март айынын биринчи декадасынан кийин кабыл алынууга тийиш».

«Адилет» клиникасы ошондой эле Баш мыйзамды тобокелчиликке түртүүгө болбой тургандыгын төмөнкүдөй негиздеген:

«Конституция – бул катардагы мыйзам эмес, бул коомчулук менен мамлекеттик институттардын, бийлик үчүн күрөшкөн саясий күчтөрдүн ортосунда түзүлгөн келишим. Бул документ адам укуктарын коргоп, мамлекеттик бийликтин пайдубалын түптөйт. Эгер кайсы бир тарап, өзүнүн убактылуу абалынан пайдаланып, башка тараптарга адилетсиз шарттарды таңуулоого аракет кылса, бул саясий күрөштүн күч алышына себепкер болуп, жаңжалдардын кайталанышына тобокелчилик түзөт».

Укуктук клиника пандемиядан улам өлкөдө социалдык-экономикалык абал оор болуп турган азыркы шартта масштабдуу талкууну талап кылган документти бир ай ичинде бүтүрүү дегеле мүмкүн эмес деп эсептейт. «Конституцияны өзгөртүүгө даярдык көрүш үчүн бардык социалдык топтордун, саясий партиялардын, академиялык чөйрөнүн, юристтердин, эркин эксперттердин, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу зарыл», деп жазат уюм өз кайрылуусунда.

Мындан тышкары укуктук клиника президенттин милдетин аткаруучуну айрым маалымат каражаттарындагы мыйзам долбооруна кол койгон кээ бир депутаттардын өздөрүнүн колун чакыртып алышканына көңүл бурууга чакырган.

«Документтин мамлекеттик жана расмий тилдеги долбоорлорунда бири-бирине карама-каршы келген каталар бар экени аныкталды. Мунун баары Жогорку Кеңештин депутаттарынын Баш мыйзамга, аны менен бирге Кыргызстандын тагдырына да олуттуу мамиле кылбаганын көрсөтүп турат», деп жазылган кайрылууда.

Укуктук клиника мындан тышкары Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү 28-октябрда аяктаганын эскертип, бул парламент Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум дайындоого укугу жок экенин белгилеген:

«Жогорку Кеңештин депутаттарынын бул жоболорду тоготпостугу документтин юридикалык күчүнө ишенбөөгө негиз берет. Ал эми бийлик ээлеринин мыйзамсыз аракеттери жана чечимдери өлкөдө нааразылыктын күч алып, кырдаалдын курчушуна алып келет. Ошондуктан биз дагы бир жолу сизди жана депутаттык корпусту Кыргызстанда мыйзамдарды кабыл алууда жана башка чечимдерди чыгарууда Конституцияны кыйшаюусуз сактоого чакырабыз».

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын, айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн айтып чыгышты.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ошол эле күнү кеңешме Жогорку Кеңештин сайтына 17-ноябрда жарыяланган Конституциянын долбоорун талкуулоого киришти. Анда референдумду 10-январда өткөрүү сунушталууда.

Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Коомдук-саясий чөйрөдө «Кыргызстан супер президенттик башкаруу формасына кайтып баратат» деген сын арбын болуп, 22-ноябрда жарандык активисттер Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жүрүшкө чыгышты. (ZKo)