Баткенде пандемия учурунда демөөрчүлөр сегиз «Тез жардам» автоунаасын алып беришти. Бул жөнүндө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү 23-ноябрда «Азаттыкка» билдирди. Ага ылайык, март айынан бери Баткен облусу боюнча демөөрчүлөрдөн жана элден топтолгон каражаттын эсебинен аймактагы саламаттык сактоо мекемелерине жалпысынан сегиз «Тез жардам» машинеси сатылып алынган. Ошондой эле өкмөт тараптан беш «Тез жардам» автоунаасы келди. 23-ноябрда Баткен районунун Бужум айылынын тургундары тарабынан айылдык саламаттык сактоо бөлүмүнө бир «Тез жардам» автоунаасы берилди.
Учурда облуста 35 «Тез жардам» машинеси иштеп жатат. Дагы 19 автоунаага муктаждык бар.
Облустук өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, COVID-19 вирусу күчөп кетсе бир жарым айга жете тургандай дары-дармек камдалган.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Баткен облусу боюнча бул илдет 6427 кишиден табылган. Анын ичинен 4994 адам коронавируска, 1433 адам пневмонияга кабылган. 63 адам оорудан көз жумган. Коронавирустан дарылануу учурунда башка оорусу күчөп кетип ошонун айынан каза тапкандар мындан эки эсе көп экени кабарланууда. (JsA)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дагы караңыз
«Кыргызмунайгаз» ишканасына жаңы жетекчи дайындалдыКошалиев: Курултай боюнча 15 долбоор талкуулануудаБайден АКШнын болочок мамкатчылыгына Энтони Блинкенди көрсөтөтБаш мыйзам талашы: Бектур Зулпиев ким?Эргешов: Конституциядан «дүйнөбий» деген түшүнүк алынса, Кыргызстанда дин тутуу эркиндигине доо кететБаш мыйзамды өзгөртүү аракети активисттерди акцияга чыгардыАкун: Баш мыйзамдагы адам укуктары боюнча беренелер өзгөрүп кеткен