24-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз 0…-5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…+2;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22…-27, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз 0…-2 градус болот.