«Кыргызмунайгаз» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Мелис Тургунбаев.

«Кыргызмунайгаз» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы болуп Мелис Тургунбаев дайындалды. Мындай чечимди «Кыргызмунайгаз» акционердик коомунун директорлор кеңеши кабыл алган. Бүгүн, 23-ноябрда жаңы жетекчи эмгек жамаатына тааныштырылды.

Мелис Турганбаев 2013-жылдан баштап «Кыргызмунайгаздын» директорлор кеңешинин мүчөсү, 2017-жылдан тартып директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

«Кыргызмунайгаз» ишканасынын мурдагы жетекчиси Рашит Бостонов кызматтан кетүү тууралуу арызын быйыл 19-ноябрда жазганын «Азаттыкка» билдирген. Ал аталган ишканага жетекчи болуп 2018-жылы дайындалган.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. куб метр газ запасына ээ. Ишкананын карамагында жалпысынан Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кени бар.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашкан. Ошондон бери көптөгөн мекеме-ишканаларда да жетекчилер алмашууда. Президенттин милдетин убактылуу аткарган Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтардагы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштуруларын 29-октябрда өкмөттүк жыйында билдирген. (TB)

Дагы караңыз

Эргешов: Конституциядан «дүйнөбий» деген түшүнүк алынса, Кыргызстанда дин тутуу эркиндигине доо кететИИМ: Өгөй баласын сабаган деп шек саналган адам кармалдыБаш мыйзамды өзгөртүү аракети активисттерди акцияга чыгардыCOVID-19: Дагы алты киши каза болду, 304 бейтап жаңы катталдыБайден АКШнын болочок мамкатчылыгына Энтони Блинкенди көрсөтөтАкун: Баш мыйзамдагы адам укуктары боюнча беренелер өзгөрүп кеткенЧүй милициясы асылып турган маркумдун тек-жайын аныктадыБШКнын кароосунда президенттик шайлоого катышууну каалаган 65 жарандын 48инин документи калды